Тегерек жана төртчарчы. Оюлуп, боёлгон. Көп түстүү жана жөнөкөй - мунун баары канаттуулар үчүн, кээ бирлери өзгөчө  дизайн менен жасалган.

Архитектура жана дизайн колледжинин жаш студенттери канаттуулар үчүн уя жасоо үчүн талыкпай эмгектеништи.

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин жардамы менен Д.Асанов атындагы сейил бакка 15 даана  жаңы «уя» орнотулду. Эми  парктын канаттуулары жаан-чачындан, сууктан коркпойт.

«Бишкекжашылчарбы» муниципалдык ишканасы Азия инновациялык колледжинин окутуучулар жамаатына шаардын жашыл аймактарын көрктөндүрүүдөгү салымы үчүн ыраазычылык билдирет.