Курулуш иштери аяктагандан кийин Панфилов көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Жибек- Жолу проспектисине чейинки бөлүгү ачылды.

Эски асфальт алынып, тосмо таштары жана ирригация системаны орнотулуп, люктарды жолдун деңгээлине көтөрүлүп, эки катмар асфальт-бетон аралашмасы төшөлдү. Жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөктөрдө тиешелүү жол белгилери менен ак жана сары боёктор менен чийилген жол чийиндери пайда болду. Жакында тротуардын курулушун улантып, бул объектиде курулуш иштерин жыйынтыктайбыз.

15-майдан тарта Орозбеков көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Жибек- Жолу проспектисине чейин унаалар үчүн жабылат. Анда ирригация системасы орнотулуп, жолду жана тротуарларды жаңылоо иштери пландалууда.

Урматтуу унаа сүйүүчүлөр! Келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана алдын ала каттамыңызды пландап алууну суранабыз.