Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков Бишкек мэриясынын шаардык кызматтарынын өкүлдөрү менен биргеликте Менделеев көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Менделеев көчөсүн капиталдык оңдоонун алкагында Свердлов районунун администрациясы шаардык кызматтар менен биргеликте комиссиялык көчмө жыйын уюштурду.

Анын жүрүшүндө район башчысы муниципалдык администрациянын жооптуу адистерине жол боюнда жайгашкан жана оңдоо иштерине тоскоол болуп жаткан үйлөрдү, кеңселерди,  оңдоо иштерине тоскоол кылып жаткан жайларды белгиленген тартипте текшерүүнү тапшырды.

Ал ошондой эле жолдун боюндагы мыйзамсыз кеңейтилген жер тилкелеринин баары жакынкы аралыкта алынаарын белгиледи.