Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти №19 орто мектебинде экзамендерди өткөрүү үчүн төлөм чогултуу жөнүндөгү жарыялоо Биринчи Май райондук билим берүү борборунун адистеринин катышуусунда каралып, мектептин директорунан жана № 19 орто мектебинин бүтүрүүчү класстарынын класс жетекчилеринен түшүнүк каттар алынганын билдирет.
Кароонун жыйынтыгы менен 2023-жылдын 11-майында мектепте бүтүрүүчү класстарынын класс жетекчилери менен өндүрүштүк кеңешме өткөрүлүп, протоколго ылайык төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:
- экзамен өткөрүү үчүн ата-энелерден акча чогултууга жол берилбестиги жөнүндө;
- экзаменге керектүү канцелярдык буюмдар (көк түстүү калем, циркуль, карандаш, өчүргүч, чатыраш дептерлер жана сызгыч) менен баланы камсыз кылуу жөнүндө маалыматты ата-энелерге жеткирүү жөнүндө.
Белгилей кетсек, класс жетекчилер акча чогултууга тыюу салуу чечими менен кол коюу менен тааныштырылган, ошого жараша мугалимдер жана мектеп администрациясы каражат чогулткан эмес. Ал эми жарыяланган мааалыматта көрсөтүлгөн чыгашалар 11-"Б" класстын 10 ата-энелеринин өз демилгеси менен болгон, аны класс жетекчиси билбеген.
Түшкөн маалыматка байланыштуу мектептин директору Г.А. Курманбаевага ата-энелер жамааты жана мектептин педагогикалык жамааты менен кайрадан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле 2023-жылдын 13-майында бүтүрүүчү класстарынын жалпы мектептик ата-энелер чогулушун өткөрүү жана ата-энелерден акчалай төлөмдөрдү алууга (анын ичинде экзамендерге, белектерге, өз демилгеси менен) жол берилбести жөнүндө жарыялоо тапшырылды.
Урматтуу ата-энелер! Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин «Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акчалай жана башка жыйымдарды алууга тыюу салуу жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Акыркы коңгуроо” салтанатын өткөрүү жөнүндө буйруктарга ылайык директордун жеке жоопкерчилигин көрсөтүү менен мектептерде акча чогултууга тыюу салынган.
Сураныч, ата-энелер жамааттык сүрөттөрдү уюштуруу, ленталарды, бантиктерди, гүлдөрдү ж.б. сатып алуу боюнча демилгени көтөрүүдө ар бир ата-эненин жеке демилгеси жана каалоосу боюнча жеке сүйлөөшүү менен жүргүзүлсүн.