Бишкекте атайын сертификат алуу укугун тастыктаган бүтүрүүчүлөрдүн санынын өскөнү байкалууда.
262 катышкан талапкерлердин ичинен борбор калаанын муниципалдык мектептеринин 55 окуучусу өз билимдерин тастыкташты, бул 20,6%ды түзөт. Жалпысынан республика боюнча өзгөчө үлгүдөгү күбөлүктөрдүн 32,9% Бишкек шаары алат. Жалпысынан Бишкек шаарында жеке менчик мектептерди кошкондо 76 окуучу билимин тастыктады.
Быйылкы окуу жылында өткөн жылга салыштырмалуу талапкерлердин пайыздык өсүш санынын 8,3%ын түздү же 23 окуучуга көп болду.
Республика боюнча алсак, 1952 окуучу катышып, 167 окуучу «Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өткөн.