Бүгүн, Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясында калаа башчысы Эмилбек Абдыкдаровдун төрагалыгы алдында №26 Ленин шайлоо округу боюнча алдыда боло турган бир мандаттуу шайлоо өнөктүгүн таза өткөрүү боюнча атайын жыйыны өттү.

Жыйынга шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, УКМКнын жетекчилиги, шаар прокурору, Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү жана Ленин районунун тиешелүү жетекчилер катышты.

Негизги маселе катары алдыдагы шайлоону өткөрүүдө коомдук-саясий кырдаалдын жана коопсуздукту камсыздоо, шайлоо өткөрүүгө даярдык, санитардык талаптар, баардык талапкерлер үчүн бирдей шарттардын түзүлүшү жана эң негизги аткарылуучу талап катары шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө шаар бийлигинин шайлоо үгүтүнө аралашпоосу керектиги өзгөчө баса белгиленди.

Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров жарандардын шайлоо укуктары камсыз кылынышы керектигин, ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү айтып, талапкерлер тараптан мыйзам бузуулар  анык болсо чара көрүү зарылдыгын билдирди.

Ошону менен бирге муниципалитеттин башчылары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, ошондой эле бюджеттик уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлеринин кийлигишүүсүнө жол бербөө жөнүндө эскертти.

“Алдыдагы Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо бардык талапкерлерге бирдей мамиле жасалышы керек. Шайлоо таза өтүшү керек. Өлкө башчыбыздын да талабы шайлоону таза өткөрүү болууда. Шайлоо – бул элдин тандоосу. Биз шайлоонун таза, мыйзамдын алкагында, тартип менен өтүшүн камсыздап беришибиз зарыл. Шайлоо маданиятын жогорку деңгээлде көрсөтүүгө жетишүү биздин башкы максатыбыз болушу абзел. Ал үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үгүт иштерине  аралашпасын. Мындай мыйзам бузуулар жана башка мыйзамсыз аракеттер болсо тиешелүү чаралар көрүлөт. Шайлоодо түрдүү ыкмалар же окуялар кездешет. Кимдир бирөөлөр “биз жогору жактан колдоо алганбыз” дегендей сунуштар менен да келиши мүмкүн. Андайга жол берилбейт. Бул өлкө башчыбыз Садыр Жапаровдун дагы негизги талабы. Бул жерде мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы турат”-деди мэр.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 28-майына Бишкек шаарындагы № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

Учурда  №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болууга бир мандаты үчүн 32 талапкер катышууда.