Совет учурунан тарта оңдоло элек Логвиненко көчөсүн бойлой Бөкөнбаев көчөсүнөн темир жолго чейинки жөө адамдар өтүүчү  жолду оңдоо иштери башталды.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жолдун бул тилкесинде түштүк-чыгыш тарабындагы тротуарды курууда.

Буга чейинки эски асфальттын катмары жана айрым жерлерине орнотулган плиталар алынып салынды.

Тротуар тосмолорун орнотуу иштери Бөкөнбаев көчөсү менен кесилиштен башталды.

Урматтуу калаа тургундары жана коноктору!

Курулуш иштерин түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөбүз, анткени жакында так ушул жерде Сиздер үчүн жаңы тротуар пайда болот!