Селекционное айылына эртең мененки саат 7:00дөн 13:00гө чейин ичүүчү суу берилет.
15.00дөн баштап саат 07.00гө чейин ичүүчү суу чектөө менен берилет.
«Арча-Бешик» конушунда: Шералиев-Чортеков-Абдрахманов-Масалиев көчөлөрүндө таза суу саат 07.00дөн 15.00гө чейин берилет.
17.00дөн баштап саат 07.00гө чейин ичүүчү суу чектөө менен берилет.
“Бишкексууканал” ӨЭБ калкты жана мекемелерди ичүүчү сууну камдап алууну суранат.
Ичүүчү сууга чектөөлөрдү киргизүү жеке сектордогу жашыл зоналарды сугарууга байланыштуу. Бул Бишкек шаарынын бардык тургундарынын ага бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле суу менен камсыздоодо олуттуу көйгөйлөрдүн алдын алуу максатында ичүүчү сууну эффективдүү башкаруу максатында көрүлгөн убактылуу чара.
«Бишкексууканал» ӨЭБ тарабынан белгиленген эрежелерди сактоону суранабыз. Бак дарактарды ичүүчү суу менен сугарууга түнкү саат 24.00дөн 05.00гө чейин гана уруксат берилет. Бул суроо-талаптын күчөгөн мезгилинде сууну пайдаланууну жөнгө салуу менен шартталган. Мындан тышкары, бул бардык жарандар үчүн ичүүчү суунун жетиштүү басымын жана көлөмүн кармап турууга мүмкүндүк берет.
"Бишкексууканал" ӨЭБ жарандар короо-жайын, участокторун белгиленген мөөнөттө сугарат деген ишеничте.