Абанын температурасынын жогорулашына, ошондой эле булактардан келген суунун агымынын азайышынан улам, шаарды көрктөндүрүүчүлөр жашыл аймактарды сугарууну күчөтүшүүдө.
«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы тарабынан кошумча 17 даана атайын техника жашыл аянтчаларды сугаруу үчүн тартылды. Ахунбаев, Токомбаев, Профсоюзная, Чүй проспектиси/Тоголок-Молдо, Кырк-Кыз көчөсү, Малдыбаев, Ч.Айтматов проспектиси, Чапаев көчөсү, ошондой эле «Эркиндик» жана Жаш Гвардия бульварларында бактар сугарылды.
Арык менен сугаруу иштери: А.Токомбаев, Юнусалиев, Шабдан-Баатыр жана башка көчөлөрдө жүргүзүлүүдө.
Урматтуу шаардыктар! «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы шаардын мүлкүнө жана бак дарактарга аяр мамиле кылууну суранат.