Свердлов районунун №66 окуу-тарбия комплексинде аскерге чакырууга чейинки «Ден соолук жана өнүгүү мектеби» даярдоо кабинети ачылды. Бул кабинет атайын багыттагы «Бөрү» ардагерлер коомдук бирикмесинин колдоосу жана демөөрчүлүгүнүн негизинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, салтанаттуу түрдө ачылды.
Аталган иш- чарага Свердлов районунун Билим берүү борборунун директору Нурлан Байгулов, атайын багыттагы «Бөрү» ардагерлер Коомдук бирикмесинин төрагасы Мирлан Желденбаев жетектеген жамааты, ошондой эле Баткен коогалаңында курман болгон жоокерлердин жакындары, мектептин педагогикалык жамааты, ата-энелер жана окуучулардын катышуусунда өттү.
Белгилей кетсек Баткен согушунда курман болгон жоокерлердин арасында №66 мектепте окуп, билим алган Сулайманов Мухтарбек Мырзакеевич аттуу жоокерибиз да бар экендиги кейиштүү болду.
Мекен үчүн курман болгон жоокердин жаркын элесине арналып, кабинетте атайын бурч уюштурулду. Ал жерге курман болгон жоокерибиздин өздүк буюмдары коюлду.
Кабинеттин ачылыш аземине келген конокторго сөз берилип, кабинетти жасоодо кошкон салымы үчүн "Бөрү" ардагерлер Коомдук бирикмеси мектептин ыраазычылык каты менен сыйланды. Кабинетти ачуунун максаты: өсүп келе жаткан жаш муундардын патриоттуулук сезимин өстүрүү, мекенге болгон сүйүүсүн ойготууга, эли- жери үчүн ак кызмат кылууга, ошондой эле мекен үчүн курман болгон жоокерлердин эрдигин унутпай, даңазалап, муундан- муунга айтып , өткөрүп берүү болуп саналат.