Кыргызгидромет билдирет, Бишкекте жана Чүй облусунда жакынкы эки саатта катуу шамал болушу күтүлөт.

Этият болуңуздар! Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Мындан улам Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кырсыктарын жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бактардын жана жеңил объектилердин жанына токтотпоону өтүнөт.

Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болсоңуздар, анда “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номурларына жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна:  күнү-түнү 1840 жана 1850 кыска номурларына кабарлаңыздар, ошондой эле фото жана видео фактыларды 0554 -182-185 номери боюнча жөнөтүңүздөр.