Борбор калаадагы мектептердин директорлору менен кандай маселелер талкууланды? Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Жыйынга мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарында балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, антитеррордук саясат боюнча маселелерди айтышты, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда же террористтик коркунуч учурундагы аракеттер боюнча инструктаж өткөрүлдү. Жыйындын  жүрүшүндө билим берүүнүн сапаты жана окуучулардын жетишкендиктери, ошондой эле бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан жана жалпы республикалык тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүүгө даярдоо маселелери талкууланды.

Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти тарабынан Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзамын аткаруу максатында жалпы билим берүү мектептердин жетекчилерине билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу боюнча бир нече жолу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө, ошондой эле фактылар аныкталган учурда жеке жоопкерчиликти көрсөтүү менен мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу боюнча педагогикалык жамааттын жана мектеп администрацияларынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырма берилди.

Жолугуушунун жыйынтыгында жетекчилерге педагогикалык жамаатынын, мектеп администрацияларынын арасында мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу, антитеррордук коркунучка каршы алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана «Акыркы коңгуроо» иш-чарасын уюштуруу, ошондой эле Жалпы Республикалык тестирлөөгө жана Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга даярдык иштерин жүргүзүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүсү тапшырылды.

Санитардык абалды жакшыртуу жана жашылдандыруу максатында жалпы билим берүүчү мектептердин жетекчилерине жанаша жайгашкан жана бекитилген аймакта санитардык тазалоо жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү тапшырылды.