Биринчи май районун көрктөндүрүүнүн алкагында кезектеги жеринде кыдыруу өткөрүлдү.
Район башчысы Максатбек Сазыкулов шаардык кызматтар менен биргеликте жеринде текшерүү жүргүздү.
Алгач алар темир жол бекетинин жанындагы келечектеги сквер аянтчасындагы соода түйүндөрүн демонтаждоо иштери менен таанышты, ошондой эле жашыл аймакты куруудагы келип чыккан маселелерди талкуулашты.
Андан соң Лев Толстой көчөсү менен Ю.Абдрахманов көчөсүнөн баштап Манас проспектисине чейин кыдырышты, түндүк тарабына узундугу 2 чакырымдай тротуар курууну пландашты.
Бул маселе боюнча шаардык кызматтар тротуар курула турган жердеги объектилерди жана инфраструктуранын элементтерин текшерет.