Борбор калаанын мэриясынын демилгеси жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен Чүй пр., 48 дарегиндеги үйдүн фасадын калыбына келтирүү жана жакшыртуу иштери аяктады.

Үйлөрдүн фасадын калыбына келтирүү иштери үч этап менен өттү:

1. Фасаддагы жаракаларды,  ошондой эле ар кандай бузулууларды жок кылуу.
2. Атайын топурак аралашмасы менен бүтөп чыгуу.
3. Эки кат сырдоо.

Оңдоо иштери  шаар куруу жана архитектуралык ишмердүүлүк чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Свердлов акимиаты бардык камкор жарандарга Бишкек шаарынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.