Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин социалдык контракттын негизинде колдоо көрсөтүү жөнүндө токтомун ишке ашыруунун алкагында мэриянын жетекчилиги программанын натыйжалуулугуна көзөмөл жүргүзүүдө.
350 алуучунун 315и аялдар же 90%. Социалдык контракт алгандардын жалпы санынын ичинен 76 үй-бүлө 5тен ашык көп балалуу үй-бүлөлөр.
Тандалган бизнес-долбоорлордун ичинен экономикалык иштин түрлөрү боюнча төмөндөгүлөр басымдуулук кылат:
227 - тигүү өндүрүшү же 65%
40 - соода же 11,4%
17 – такси кызматы же 4,9%
20 - коомдук тамактануу жана тамак даярдоо же 5,7%
15 – айыл чарбасы же 4,3%.
26-апрелден бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан социалдык келишимдин негизинде жеке ишкерлик менен алектенген үй-бүлөлөргө күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө.
Жолугушууда шаардыктар бул долбоорду ишке ашыруу ишкердик шыктарга ээ болууга жардам берип, бизнес-долбоорлор боюнча иштер жүрүп жатканын айтышып, бизнесин кеңейтүү үчүн кошумча жай бөлүп берүүнү суранышты.
Бул долбоор үй-бүлөлөрдү өздөрүнүн оор турмуштук абалынан чыгуу боюнча активдүү кадамдарга үндөө, социалдык жоопкерчиликти жогорулатуу, чакан бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү максатында иштелип чыккан.