29-майдан 1-июнга чейин Бишкек шаарында шаарынын мэриясынын колдоосу менен Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан уюштурулган «Жеткинчек» II Бүткүл шаардык спартакиадасы өтөт.
Фестиваль Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган. Кичи футбол, шахмат, дзюдо, GTF таэквондо, бокс, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча мелдештерге борбор калаадагы жалпы билим берүү мекемелеринин, спорт мектептеринин жана клубдардын мектеп окуучулары катыша алат.
Фестиваль “Газпром" балдар үчүн спорт комплексинде өтүп, катышуу үчүн арыздар 26-май, саат 18:00гө чейин кабыл алынат.
Кошумча маалымат алуу үчүн 0508 101-002 телефон номерине байланышсаңыздар болот.