Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы Айни-Абай көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мыйзамсыз орнотулган гараждарды алууда.

Башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.

Жалпысынан 20 гараж алынат. Буга чейин 13 гараж алынган.

Эске салсак, 19-апрелде аталган башкармалыктын кызматкерлери беш күн ичинде мыйзамсыз орнотулган гараждарды өз ыктыяры менен алуу боюнча эскертүүлөрдү тараткан.