Биринчи май районунун аймагындагы көрктөндүрүүнүн алкагында мыйзамсыз соода күркөлөрүн демонтаждоо иштери уланууда.
Борбордун темир жол вокзалына жакын жердеги мыйзамсыз орнотулган күркөлөр алынууда.
Бул жерде жаңы скверди куруу, эски имаратты калыбына келтирүү пландалууда. Жаңы жашыл аймактын долбоору “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыгууда.
Мындан тышкары Токтогул көчөсүндөгү №98 үйдүн (бул үйдө Чекист, СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин полковниги Марсбек Мадабаевич Байчериков жашаган), ошондой эле коңшулаш №96 үйдүн (1960—1985-жылдарда Кыргыз ССР финансы министри Токтоналиев Алиаскар жашаган) тосмолору жана жарнама конструкциялары алынды.
Эми бул тосмолор борбордун көрүнүшүн бузбайт.