Муниципалдык администрациянын башчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Айтакунов Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык кызматтарынын катышуусунда жер-жерлерде жыйын өткөрдү.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө Витебская, Дачный, Амурский, Нерченский, Керченский чолок көчөлөрү текшерилди. Муниципалдык жер тилкелерин уруксатсыз пайдалануу фактыларын аныктоо, ошондой эле салык органдарында каттоосу жок чарба жүргүзүүчү субъектилердин ишмердүүлүгүн аныктоо максатында сурамжылоо жүргүзүлдү.
Көчмө жыйындын жыйынтыгында төмөнкүлөр тапшырмалар берилди:
- Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча башкармалыгы тарабынан бул аймактагы чарба жүргүзүүчү субъекттердин салыктык кирешелерине инвентаризация, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттердин мыйзамсыз иш алып баруусун аныктоо боюнча туруктуу негизде иш жүргүзүү;
- Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгына жеке жана юридикалык жактар тарабынан уруксат кагаздары жок ээлеп турган муниципалдык жер тилкелерин бошотуу жана мыйзамдаштыруу боюнча иштерди белгиленген тартипте жүргүзүү;
- Бишкек шаарынын мэриясынын №20 МАБна муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу фактыларын аныктоо боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүү.