Казакстанда велоспорт сүйүүчүлөр жана ардагерлер арасында “Gran Fondo Giant Kazakhstan” эл аралык веложарыш өттү.
Велосипед жарышы эки дисциплина боюнча өттү – 20 км аралыкка жеке жарыштын башталышы жана бардык категориялар боюнча тайпалык жарыштын башталышы. Жалпысынан 200дөн ашык спортчу, Кыргызстандын спорт мектебинен 6 велоспортчу катышты.
Мелдештер ички жана сырткы туризмди өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу, катышуучулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, велоспортту өнүктүрүү жана жайылтуу максатында өткөрүлүүдө.
Уюштуруучулар: Жетисуу районунун акимиаты, Жетисуу районунун Велоспорт федерациясы бейөкмөт уюмдары жана «Гран Фондо – KZ» ЖЧКсы.
Велосипед спортун сүйүүчүлөр жана ардагерлер арасындагы «Gran Fondo Giant Kazahstan» эл аралык веложарышынын жыйынтыгы:
Эркектер арасында жаш категориясы:
Дядичкин Александр - 2-орун жана жалпы эсепте 3-орунду ээледи.
Кыздар арасында жаш категориясы:
Березовская Евгения – жалпы эсепте 2-орун жана 3-орун.