Өткөн дем алыш күндөрү борбор калаада жаш категориялар арасында дуатлон боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын 1-этабы өттү.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча Дельфин спорт мектебинин тарбиялануучулары алдыңкы орундарга жетишти.
15 жашка чейинки кыздар арасындагы мелдеште Ангелина Блиндул алтын медаль тагынды.
Темирлан Абдрахимов жарышты мыкты жыйынтык менен аяктап, өспүрүмдөр арасында алтын тагынды. Бир аз айырма менен Артем Ханадеев менен Амир Молдобаев ага утулуп, күмүш жана коло байгеге ээ болушту.
Кыз-келиндер арасында өспүрүмдөр арасында Надежда Чикакова 2-орунду ээледи.
Параатлончулар арасындагы мелдеште Дастан Камчыбеков чемпион болду. Биздин атактуу Жалалдин Абдувалиев ага бул ирет жеңилип, чемпионатта 2-орунду ээледи. Коло медалды Азат Токтомбаев алды.
Программанын бул түрү боюнча кыз-келиндер арасында алтын медаль Айтунук Жоомарт кызыга ыйгарылса, Гүлназ Жузбаева 2-орунга ээ болду.