Ленин районунун акимиатында Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азиз Садырбековдун төрагалыгы алдында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча кезектеги райондук штаб өттү.
Кезектеги штабга акимдин биринчи орун басары Садык Мырзакматов, КР Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат жетекчиси Мирбек Мамбеталиев, округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадир Конуров, райондук, шаардык кызматтардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле шайлоо комиссияларынын жетекчилери жана МАБдардын башчылары катышты.
Округдук шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, коомдук тартипти жана АБКнын коопсуздугун, (автоматташтырылган башкаруу системасы), ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды пандустар менен камсыз кылуу, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого кийлигишүүгө жол бербөө маселелери талкууланды.
Кезектеги штабдын жыйынтыгында шаардык жана райондук кызматтарга УШКларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо процессин тездетүү, участкалык шайлоо комиссияларына пандустар менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү, ошондой эле кызматкерлердин арасында кийлигишпөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Урматтуу шаар тургундары! Белгилей кетсек, Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.
Ушуга байланыштуу, муниципалдык администрация бардык шайлоочуларды шайлоочулардын тизмесинде тактоого чакырат, ошондой эле жеке маалыматтарды жана УШК жайгашкан жерди тактоо үчүн 119-маалымат кызматына ПИН-кодуңузду жөнөтсөңүз болот.
Ленин району таза шайлоо үчүн!