Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием Боордош көрүстөнүндө өттү.
Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, КР Коргоо министрлигинин күжүрмөн даярдык башкы башкармалыгынын начальниги, полковник Кумарбек Калматаев, борбор калаанын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин райондук кеңешинин төрагасы Маркил Ибраев катышты.
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон коргоочулар бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерилип, курман болгон жоокерлердин эстелигине гүл коюлду.
Эске салсак, Боордоштор көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштун 267 катышуучусу коюлган.