Жакында Байтик Баатыр көчөсүн бойлой түштүк магистралдан Лев Толстой көчөсүнө чейин түштүк-чыгыш тараптан тротуардын курулушу аяктайт.

Ишти подряддык уюм «Технотоп» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Учурда көчөнүн Лев Толстойдон М.Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндө ирригациялык системаны орнотуу жана тротуардын негизин даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Буга чейин аталган көчөнүн түштүк магистралдан М.Горький көчөсүнө чейинки бөлүгү бүткөрүлгөн.