Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев «Социалдык келишим» программасы боюнча ар бирине 100 миң сомдон жардам алган 6 аз камсыз болгон үй-бүлөгө барды.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө аким турак-жай шарттары жана социалдык келишим аркылуу чакан бизнести алдыга жылдыруу менен таанышты.
2022-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен 71 социалдык келишим түзүлгөн:
- 40 үй-бүлө тигүүчү машиналарды сатып алып, буйрутмаларды алып, үйүндө тигүү иштерин жүргүзүштү;
- 13 соода (кийим-кече, жашылча-жемиштер);
- 6 таттууларды жасоо (торт жана печенье);
- 9 репетитор, фото-видео тартуу, сайма сайуу, самын жасоо ж.б.
- 3 такси кызматы.
Белгилей кетсек, буга чейин үй-бүлөгө көмөк жөлөк пулун алган үй-бүлөлөр үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомун аткаруу максатында финансылык сабаттуулук боюнча окуттуу өткөрүлгөн.