Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти ILGERI чыгармачылык бирикмеси менен биргеликте Бишкек шаарынын 145 жылдыгына арналган ILGERI JOLU аталышындагы квест оюндарын ишке киргизди.

Бул үчүн борбор калаадагы эстеликтердин, монументалдык объектилердин, музейлердин, маданий мекемелердин жана башка кызыктуу жерлердин жанына 18 QR-коддон турган такталары орнотулган.

Оюндун эрежеси боюнча катышуучулар берилген маршрут боюнча 18 QR-код орнотулган жерден өтүп, тапшырмаларды кыргыз же орус тилдеринде аткарышы керек. Тапшырмалар Кыргызстандын тарыхы жана маданияты менен түздөн-түз байланышкан жана  телеграмма-боттун жардамы менен ILGERI JOLU BOT ссылкасы аркылуу кирүүгө болот.

Квест оюнун аяктагандан кийин, адам ар кандай иш-чараларга катышууга мүмкүндүк берген коллекциялык NFT, ошондой эле 1000 баалуу сыйлыктын бирин утуп алуу мүмкүнчүлүгүн алат.

Бардык маалыматтар сайтта: QUEST.ILGERI.KG