Мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин өкүлдөрүнүн жана КР УИАнын, «Манас» КТУнун адистеринин катышуусунда бир катар изилдөөлөрдүн жана жер-жерлерде түзүлгөн комиссиялардын негизинде шаардын жашыл аймагындагы авариялык бак-дарактар алынып жатат.

Жашыл өсүмдүктөрдү текшерүүгө министрликтердин химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин, борбор калаанын шаардык чарба департаментинин, КР Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек аймактык башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Шаар теректери, карагайлар зыянкечтерден  жабыркап, дарыланууга муктаж. Кээ бир зыянкечтер жалбырактарда, бутактарда байкалса, башка зыянкечтер кабыктын астынан көбөйүп, жаан-чачын учурунда шаардыктарга коркунуч жаратат.

Жарандардын жана унаа ээлеринин коопсуздугу үчүн сурамжылоонун жыйынтыгы менен куурап калган дарактарды алуу чечими кабыл алынды.

Учурда Ч.Айтматов проспектисинин боюндагы бактарды алуу иштери жүрүп жатат.

Буга катарлаш «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан Эркиндик бульвары, Токтогул, Тоголок-Молдо, Бөкөнбаев көчөлөрүндөгү авариялык абалдагы бактар алынууда.