Коомдук транспорттордун аялдамаларында токтотуу эрежелерин сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Биринчи май районунун аймагында «Автодружина» тобу иш алып барууда.
20га жакын унаа смартфондордун камерасына түшкөн, алар үчүн 3000 сом айып салынат.
Коомдук транспорттун аялдамаларында, тактап айтканда, Москва жана Ю.Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде, "Вефа" соода борборунун жанындагы Горький көчөсүндө, Логвиненко менен Тоголок Молдонун аралыгында, Жибек-Жолу проспектисинде унаалар башаламан токтотулат.
Эске салсак, Биринчи май районунда эркин токтотуу деген ураан менен түшүндүрүү иштери башталды. Баарлашууну акимчиликтин жана МАБдын кызматкерлеринин ичинен «Автодружина» тобу жүргүзөт.
Эгерде айдоочу кызматкерлердин талабын этибарга албаса, анда унаа токтотуучу жайдын эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул төлөө үчүн УПКнын нөөмөт бөлүмүнө өткөрүлүп берилет.
Андан кийин айып салынгандыгы тууралуу билдирме каты тартип бузуу фактысы көрсөтүлгөн унаанын ээсине түз жөнөтүлөт.
Урматтуу айдоочулар! Жол эрежесин сактаңыздар. Жүргүнчүлөрдү ташуучу аялдамаларда унаа токтотуу эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул салынат деп эскертебиз!