Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында депутаттар 2023-жылдын бюджетин кабыл алышты.

Бюджетти кабыл алууга катышкан 33 депутат добуш берди.

Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 18 миллиард 390 миллион сом өлчөмүндө болжолдонгон, бирок республикалык бюджеттен 3 миллиард 806 миллион сом өлчөмүндөгү кошумча трансферттерди эске алуу менен шаардын бюджети 22 миллиард 869,5 миллион сомду түздү.