Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков мамлекеттен берилген социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган үй-бүлөлөрдү кыдырып чыкты.

Буга чейин 95 тургунга берилген жана бекитилген бизнес-пландарга ылайык, өз ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдууларды, товарларды жана кызматтарды сатып алуу үчүн акча каражаттары берилген.

Свердлов социалдык өнүктүрүү башкармалыгында «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуучу 288 үй-бүлө каттоодо турат. Алардын ичинен социалдык контракттын негизинде социалдык жардам 85 жана 10 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 100 (жүз) миң сомдон бөлүндү.

Социалдык контракт түзүлгөн 95 үй-бүлөнүн ичинен:

•кийим өнөр жайы – 66 үй-бүлө;
•дүң соода – 13 үй-бүлө;
•коомдук тамактануу – 2 үй-бүлө;
•клининг кызматы – 2 үй-бүлө;
•жүргүнчүлөрдү ташууга такси кызматы – 6 үй-бүлө;
•биогумус – 1 үй-бүлө;
•маникюр кызматы – 1 үй-бүлө;
•тоок багуу – 2 үй-бүлө;
•кой багуу – 1 үй-бүлө;
•компьютердик кызматтар (ксерокопия) – 1 үй-бүлө.

Жолугушуунун жүрүшүндө район башчысы "Ак-Бата" конушунда жашаган 3 социалдык жардам алуучу менен баарлашып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Эскерте кетсек, жардам аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, аларды турмуштук оор кырдаалды жеңүү боюнча активдүү иш-аракеттерге стимулдаштырууга, алардын эмгек потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле ишкерлерди кошумча жумуш орундарын же өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү процессине тартууга багытталган.