Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери Комсомол чокусун багындырып, альпинист болушту.
Алар Комсомол чокусуна Бишкек шаарынын туусун орнотушту.
Жыл сайын Эл аралык альпиниада өтөт — Комсомол чокусуна массалык чыгуу, чокуга жеткендердин бардыгы Кыргызстандын альпинисттеринин төш белгилерин тиешелүү күбөлүгү менен алышат.
Быйыл биздин жетекчилер да жөө жүрүшкө катышышты.
Сагынбек уулу Нурбек жана Салмурбек уулу Азат Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басарлары болуп эмгектенишет.