Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте Бишкек шаарынын аймагында жерге мунапыс берүү боюнча комиссиялардын ишин улантууда.
Октябрь райондук комиссиясы тарабынан 24 материал каралып, алардын ичинен 5 арыз боюнча оң чечим кабыл алынды, 2 материал кошумча изилдөө үчүн тийиштүү кызматтарга жөнөтүлдү, 17 материал шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн "Бишкекбашкыархитектура" башкы башкармалыгына жөнөтүлдү.
Биринчи май райондук комиссиясы тарабынан 68 материал каралып, алардын ичинен 9 материал жана арыздар боюнча оң чечим кабыл алынды, 14 материал кошумча изилдөө үчүн тиешелүү кызматтарга жөнөтүлдү, 45и шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн "Бишкекбашкыархитектура" башкы башкармалыгына жөнөтүлдү.
Урматтуу шаардыктар! Документтерди кабыл алуу күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Тунгуч кичи району, 57 дареги боюнча (Жеке турак жай курулушу шаар куруу департаменти) жүргүзүлөт. Байланыш: 0312 37 92 97, 0312 97 54 54.