Ленин районун акиминин биринчи орун басары Садык Мырзакматовдун төрагалыгы астында жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Светлана Кенжебаеванын катышуусунда райондун коллегиясынын жыйыны өттү.
Коллегияда 2 маселе каралды:
1. 2022-2023-жыл күз-кыш мезгилин өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө;
2. Ленин районунун дарылоо жана профилактикалык уюмдарынын калк арасында социалдык маанидеги ооруларды алдын алуу иши жөнүндө.
Жыйындын жүрүшүндө коллегия мүчөлөрү биринчи маселе боюнча көмүр кампаларына мониторинг жүргүзүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле жаратылыш газына туташтыруу жана альтернативдик отунга өтүү маселелери боюнча калк арасында түшүндүрүү иштеринин жүрүшү талкууланды.
Экинчи маселе боюнча Ленин районундагы № 1,2,9 ҮМБна флюорографиялык аппаратты алуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунуш кылынды.
Абак жайларынан бошотулган адамдарга өзгөчө көңүл буруу, кургак учук менен ооругандардын оорусуна көзөмөлдү камсыз кылуу, түзөтүү-эмгек мекемелеринен келген кургак учук менен ооруган бейтаптар боюнча даректерин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысына Ленин райондук ҮМБна жана МАБга өз убагында маалымат берүү боюнча тапшырмалар берилди.
Күн тартибиндеги бардык баяндамалар эске алынды.