Бишкек шаарынын Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков биринчи орун басары Кубанычбек Айтакунов, Свердлов районунун башкы архитектору Нурмат Абдыгулов жана №20 МАБнын начальниги Орозбек Калыбеков менен биргеликте «Кызыл куруучу» жаңы конушунда жөө кыдыруу өткөрдү.
Кыдыруунун жүрүшүндө ФАБдын филиалы текшерилип, ФАБдын ордуна бала бакча куруу сунушу каралды.
Андан соң, Дорожный тилкесиндеги коомдук бакчанын курулушу жана Ак-Тилек көчөсүндөгү жашыл аймакты жакшыртуу иштери менен таанышты. Белгилей кетсек, шаардыктар үчүн эс алуучу жай шаардык кеңештин депутаттары Руслан Шаршенбай уулу менен Мийзамидин Калыковдун, ошондой эле Свердлов райондук администрациясынын башчысынын демилгеси менен курулууда.
Мындан тышкары, комиссия «Кызыл куруучу» жаңы конушундагы парктын абалы менен таанышып, башчы райондун башкы архитекторуна сейил бакты реконструкциялоонун варианттарын иликтеп чыгууну, ошондой эле медициналык жана акушердик пунктунун жана спорт аянтынын куруу долбоорун даярдоону тапшырды.