Бишкектин 145 жылдыгына карата футзал боюнча эл аралык турнир өттү.

Футзал боюнча тайпалардагы беттештер "Виват" комплексинин спорт аянтчасында, плей-офф оюндары "Газпром-балдар" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында өттү.

Турнирге Бишкек шаарынын жана өлкөнүн аймактарынан 12 команда, ошондой эле Казакстандын командасы катышты.

Футзалдын жеңүүчүлөрү:
- 1 - орун-Акшукыр (Казакстан);
- 2 - орун-Виват;
- 3 - орун-СДЮШОР СИ.

Спорттук иш-чаранын жабылыш аземине мэрдин орун басары Виктория Мозгачева катышты.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын  Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери  боюнча департаменти менен Кыргыз Республикасынын футзал ассоциациясы уюштурду.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар, тиешелүү даражадагы дипломдор, ошондой эле  белектер менен сыйланышты.