Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата Свердлов акимиаты жеке бизнес өкүлдөрү менен биргеликте Ж.Абдрахманов жана Ж.Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги гүл бакчасына кумара түрүндөгү вазондорду орнотту.
Буга чейин шаар тургуну Жанна Дубровина тарабынан Ж. Абдрахманов жана Ж.Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, 10 жылдан ашык убакыт иштебей турган электрондук саат калыбына келтирген.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор шаарды көрктөндүрүүдө колдоо көрсөткөн ар бир шаар тургунуна ыраазычылык билдирет!