7-майда саат 10:30да Жаш Гвардия бульварында жайгашкан Баатырлар аллеясында Кыргызстандын коомдук, жаштар, ардагерлер уюмдарына эскерүү отун тапшыруу аземи жана митинг-реквием өтөт.

Белгилей кетсек, акциянын катышуучулары Москва кремлинин жанында жайгашкан белгисиз жоокердин мүрзөсүнөн Түбөлүк оттун бир бөлүгүн 8 баатыр-шаарга жана дүйнөнүн 11 өлкөсүнө, анын ичинде Бишкек жана Ош  шаарларына жеткиришет.

Иш-чараны Роскызматташтыктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү согуштун, эмгектин, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана тылдын ардагерлеринин республикалык кеңеши менен биргеликте борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен өткөрүүдө.