Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиевдин, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы алдында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, шаардык кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кузнечная крепость” шаарчасында көчмө жыйын өткөрүлдү.
«Кузнечная крепость» айылындагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, ошондой эле «айыл» макамын алып салуу маселесин талкууладык.
Н.Орунтаев шаардык кызматтарга маселени белгиленген тартипте биргелешип кароону тапшырды. «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине топографиялык сүрөткө тартууга материалдарды даярдоо, Свердлов районунун кызматкерлерине чек араларды аныктоо иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Маалымдама: Бишкек шаарынын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан «Кузнечная крепость» турак жай кварталы Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги мамлекеттик тизмесине Бишкек шаары үчүн тарых жана маданият эстелиги катары бекитилген.