№29 мектеп-гимназиясынын спорт аянтчасында Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата 3х3 баскетбол боюнча «Bishkek Cup» ачык турнири өттү.

Турнирге Бишкек шаарынан жана өлкөнүн облустарынан командалар катышты. Жалпысынан турнирге аялдар арасында 17 команда, эркектер арасында 32 команда, жалпысынан 200дөн ашуун спортчу катышты.

Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине тиешелүү даражадагы медалдар, дипломдор жана кубоктор, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин эстелик белектери тапшырылды.