№53 орто мектепте мектептин 60 жылдыгына жана Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата ачык эшиктер күнү өттү.
Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, билим берүү башкармалыгынын, мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, райондук билим берүү борборунун, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин өкүлдөрү, ошондой эле мектеп өнөктөштөрү катышты.
Кошумчалай кетсек, мектептин мааракеси менен ар кайсы жылдагы бүтүрүүчүлөр келип куттукташты.
Мектепте көргөзмөлөр, сүрөт галереясы, улуттук буюмдардын көргөзмөсү уюштурулуп, сайма иш-чарасынын алкагында боз үй орнотулду. Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүндө окуу жайдын тарыхы, жетишкендиктери баяндалып, келген коноктордун куттуктоосунан кийин окуучулардын жана мугалимдердин катышуусунда чоң концерттик программа тартууланды.
Ошондой эле, видеокуттуктоолор жана видеороликтер тартылып, сергек жашоо образы боюнча тематикалык ачык сабактар, класстык сааттар жана тренингдер өткөрүлдү.
Өз кезегинде Свердлов районунун башчысы мектептин мугалимдер жамаатын жана окуучуларын маараке менен куттуктап, ыраазычылык кат тапшырды.
Эске салсак, бул иш-чаралар КРнын Президенти Садыр Жапаровдун «Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.