Жолдогу кемчиликтерди жоюу жана кырсыктарды болтурбоо максатында «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Октябрь районундагы жаракаларды битум мастикасы менен толтуруу иштерин баштады.

Бригада Медеров көчөсү менен Байтик Баатыр көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейинки жаракаларды толтурууда.

Жогорудагы көчөдө жумуштар аяктагандан кийин Юнусалиев көчөсү Сухэ-Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки жаракаларды бүтөө иштери башталат.