Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азиз Садырбеков участкалык шайлоо комиссияларынын иши менен таанышты.
Бишкек шаардык аймактык шайлоо жана Ленин районунун участкалык шайлоо комиссияларына 2023-жылдын 28-майында жетинчи чакырылыштагы № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүү максатында, № 1013, 1045, № 1053 шайлоо комиссиялары текшерилди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аппарат жетекчиси тарабынан №1045 жана 1053 участкалык шайлоо участкаларына тапшырмалар берилди.
Ошентип, «Бишкекжашылчарба» МИге бак-дарактарды бутоо, «Бишкекжарык» МИге №1045 жана 1053-шайлоо участкаларында тышкы жана ички жарыктандырууну текшерүү тапшырмасы берилди. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти «Белек» маданий-көңүл ачуу борборунун имаратынын (№1053 УШК) ички жана сырткы эстетикалык көрүнүшүн ылайык келтириши керек.
Ошондой эле жарандардын ыңгайлуулугу үчүн №1013 шайлоо участогун башка жерге көчүрүү мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырмасы берилди.
Эске салсак, “№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-мартындагы №70 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өткөрүлөт.