Самокат колдонуу индустриясы тез өсүп, бишкектиктер арасында чоң популярдуулукка ээ болду.

Бирок, ар кандай транспорттук сервистер борбордун көрүнүшүнө, жашоочулардын коопсуздугуна, жол кыймылына түздөн-түз таасирин тийгизет. Акыркы убакта унаа токтотуучу жайлар жык толгон же самокаттар  өздөрү бардык тротуарларга толуп кеткени көнүмүш көрүнүш болуп калды.

Иштин бул түрүн ирээтке келтирүү үчүн Биринчи май районунун №12 МАБда  «ToGO life», «E-motion», «Sun.Rent»  самокаттарынын ээлери менен жолугушуу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө коопсуздук, жол эрежелерин жана самокаттардын пайдалануу эрежелерин сактоо, ошондой эле самокаттар жана транспорттук тейлөөнүн башка түрлөрү үчүн КР Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында Бишкек мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан самокаттар токтоочу жайларда тазалыкты, тартипти сактоо жана аларды пайдалануу боюнча көрсөтмө берилди.