Борбор калаанын райондорунда Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын 37 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүүдө.

Октябрь районунда район башчысынын катышуусунда салтанаттуу иш-чара өттү.

Райондо 58 Чернобыль кырсыгын жоюучулар жашайт, алардын бардыгы райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турат.

Жыл сайын Октябрь административдик району Чернобыль АЭСинин катышуучуларына материалдык жардам көрсөтөт,  быйылкы жылы райондук бюджеттен материалдык жардам көрсөтүү үчүн   акимиаттан  395 миң сом бөлүнгөн. Алардан:
- Чернобыль АЭСинин жесирлерине (18 адам) - ар бирине 10 000 сомдон;
- Чернобыль АЭСинин майыптарына (38 адам) - 5000 сом;
- Чернобыль АЭСинин катышуучуларына (2 адам) - 5000 сом.

Биринчи май акимиатынын имаратында Чернобыль АЭСиндеги авариянын жоюлушунун  37 жылдыгына карата сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.

Акимиаттын кол сааттары төмөнкүлөргө тапшырылды:

- Алдаяров Сүйөрбек Акматбекович;
- Аширбаев Замирбек Токтонович;
- Чернявский Александр Владимирович;
- Романов Александр Федорович;
- Шарипов Элис Бейшекеевич;
- Акметшин Минхарис Нургатаевич;
- Тейишов Калыбек Бердигулович;
- Жороев Аскарбек Сангимаматович;
- Жумабаев Жылкычы Жороевич;
- Исаков Жумалы Кубатович.

Айта кетсек, мүмкүнчүлүгү чектелген 44 катышуучуга 5 миң сомдон, 11 жесирге 10 миң сомдон бир жолку жөлөк пул берилет.

Ошондой эле салт боюнча Свердлов районунун акимиаты тарабынан материалдык жардам көрсөтүлдү:

- Чернобыль АЭСинде каза болгондордун 18 үй-бүлөсүнө - 10 000 сомдон;
- 40 Чернобыль майыпына - 5000 сом;
- Чернобыль АЭСинин 10 катышуучусуна - 5000 сом.

Эске салсак, Свердлов районунда Чернобыль кырсыгын жоюучу 68 адам жашайт, алардын баары райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турат.