Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясынын базасында IV билим фестивалы өтүүдө.
Быйыл фестиваль “Билим жана космос: биз илим менен илхамды айкалыштырабыз!”, “Илимий ачылыштардын белгисиз дүйнөсүнө кадам ташта!”, “Келечегиң үчүн космостук технологиялар!” деген ураан астында өтүүдө.
Чоң майрамга борбор калаанын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Биринчи май районунун акиминин орун басары Аида Рысбаевалар катышты.
Билим Фестивалы окуучулардын гана эмес, ата-энелердин да катышуусундагы ар кандай оюндар, спектаклдер, спорттук жана музыкалык сынактар, спорттук мелдештер, тарыхый оюндар, практикалык семинарлар, викториналар, тренингдер форматында, квест оюндары, интерактивдүү сабактар, музыка жана башкалар уюштурулгду.
Негизги максат балдардын билимге жана чыгармачылыкка болгон кызыгуусун, маалымат менен иштөө көндүмдөрүн, өтө эрте жашынан эле өз алдынча ой жүгүртүүгө умтулуусун калыптандыруу, ата-энелерди мектеп ишмердүүлүгү менен тааныштыруу болуп саналат.
Фестиваль эки күнгө - бүгүн жана эртең уланат.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.