Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын, муниципалдык ишканаларынын мамлекеттик тил боюнча адистерине “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү маселелери боюнча семинар өттү.
Семинарда мамлекеттик тил боюнча адистерге муниципалдык мекеме-ишканаларда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында жүргүзүлүп жаткан иштерди күчөтүү жана иш кагаздарын толук мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.
Бул семинар “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 6-июлундагы № 116 “Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруунун алкагында өтүлдү.