Бишкек шаарынын 145 жылдыгын утурлай Каражыгач токоюнда майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

Парктын аймагы шарттуу түрдө 5 зонага бөлүнгөн - маданият, оюн-зоок, ден соолук жана спорт, чыгармачылык, тамак-аш зонасы, анда майрамдык жана оюн-зоок иш-чаралары параллелдүү өткөрүлгөн.

Конокторду күткөн оюн-зоок:

Чыгармачылык зонасы, мында асфальтка, мольбертке жана башкаларга сүрөт тартуу боюнча түрдүү семинарлар уюштурулду.

Спорт зонасы – спорт аянтчасында спорттун 5 түрү боюнча – пионербол, балдардын жеңил атлетикасы, эстафеталык жарыш, аркан тартыш, таяк тартыш боюнча спорттук мелдештер өткөрүлдү.

Көңүл ачуу зонасын уюштуруу үчүн батут орнотулуп, ижарага балдар поезди, унаалар, самокат жана велосипеддер  уюштурулду.

Маданият зонасында чыгармачыл жамааттардын майрамдык концерти, жаш манасчылардын оюну жана улуттук каада-салт боюнча театрлаштырылган оюн-зоок уюштурулду.

Коноктордун тамактануусу үчүн тамак-аш зонасында тамак-аш унаасы орнотулуп, балмуздак жана улуттук суусундуктар сатылууда. Шаардыктар үчүн борбор калаанын логотиби жана куттуктоолор жазылган чоң шарды учуруу да уюштурулду.