Эртең мененки саат жетиден тарта Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды.
Керамическая көчөсүнүн жашоочулары жер маселеси боюнча кайрылышып, жолугушууда район башчысы жерге мунапыс боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу түшүндүрмө берип, мекеме жетекчилерине көзөмөлгө алууну тапшырды.
Эске салсак, Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков ар бейшемби күнү саат 07:00дөн 09:00гө чейин алдын ала жазылуу боюнча жеке кабыл алууларды өткөрөт.
- (0312) 36-01-93 телефону аркылуу алдын ала жазыла аласыз.
Октябрь районунун акиминин жеке кабыл алуусуна 14 шаар тургуну катталды.
Негизинен жер мунапысы, жашылдандыруу, турак жай жана кичи райондор боюнча маселелер көтөрүлүп, материалдык жардамдарды бөлүү маселелери да көтөрүлдү.
Жаныбек Орозалиев бардык жарандарды кунт коюп угуп, бөлүмдөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде маселелерди чечүүнү тапшырды, мындан тышкары айрым маселелер боюнча жетекчи жашоочулар менен биргеликте жер-жерлерге барарын билдирди.
Урматтуу Октябрь районунун тургундары!
Эске салсак, жетекчинин жеке кабыл алуусу ар бейшемби күнү саат 07:00дөн 09:00гө чейин жүргүзүлөт. 57-63-80 телефону, ошондой эле adm-oktyabr@bk.ru электрондук почтасы аркылуу катталсаңыз болот.