Бишкек шаарында мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин жана Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиевдин катышуусунда №4 кичирайондогу көп кабаттуу үйдүн айланасындагы №134 бала бакчанын жолун тосуп турган тосмолор алынды.
Жеринде Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү иш алып барды.
Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө №4 кичирайонундагы №7/2 үйдүн айланасы 13 жана 5 метрге муниципалдык жердин эсебинен кеңейтилгени аныкталган.
Үйдүн түштүк тарабына темир тосмолор орнотулган.
Ошондой эле, кеңейтилген жерге эч кандай уруксат кагаздары жок бастырма орнотулган.