"Парус" бассейнинде мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн сууда сүзүү боюнча Бишкек шаарынын экинчи ачык чемпионаты өттү.

Мелдешке 40ка жакын мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар катышты.

Спортчулар бир нече класстарда күч сынашты, мисалы: НОДА (таяныч-кыймыл аппаратынын бузулушу, СП), СО (Олимпиада, Даун синдрому, аутизм), ошондой эле көзү азиз спортчулар.

Мелдешке түрдүү клубдардын жана спорт мектептеринин: СДЮШОР Ынтымак, "Парус" жана "Радуга" бассейндеринин спортчулары, ошондой эле Нарын шаарынын спорт мектебинин спортчулары катышты.

Мелдештер ар кандай аралыкта жана сууда сүзүү стилдеринде өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, НОДА классында эркектер арасында Тыныстанов Медер, Гениевский Стас, Урмамбетов Жолдошбек жеңүүчү болгон. Кыздар арасында  Юсурова Азалия, Солтоева Нурсейил алдыңкы орундарды ээлешти.

Эркек лидерлер менен класста Ибрагимов Али жана Шалин Олег болгон. Көзү азиз спортчулардын арасында Надежда Рак алдыңкы орунду ээледи.

Мелдеш Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти, майыптар арасында Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү федерациясы менен биргеликте уюштурулду.